Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Абылгазиев: Бюджетти аткара албаган өкмөт башчы жалгыз эле мен эмесмин (видео)


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Эгемен Кыргызстандын тарыхында бюджетти аткара албаган өкмөт башчы жалгыз эле мен эмесмин». Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин 13-майдагы жалпы жыйынында депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Өкмөт башчы ошондой эле бюджеттин аткарылбаганына жүйөлүү себептер болгонун белгиледи.

Депутат Нурбаев өкмөт инвестиция тарта албай, иштеп жаткан ишканаларды колдой албаганы үчүн бюджет аткарылган жок деп эсептей турганын айтты:

«Силерге ишенбей инвесторлор кетип жатышат. Мына, Дүйнөлүк банк «Кыргызстанга 20 мектеп куруп беребиз» деп жатат. Өкмөт, эмгиче мектеп курулчу жерди чечип бере элек экенсиңер».

Абылгазиев бул маселенин кечеңдешин Дүйнөлүк банк коюп жаткан шарттар туура келбей жатканы менен түшүндүрдү. Өкмөт башчынын айтымында, Дүйнөлүк банк жардамын насыя түрүндө сунуш кылган.

Депутат Абдывахап Нурбаев эгемен Кыргызстандын тарыхында Мухаммедкалый Абылгазиевди эң узак мөөнөт өкмөттү жетектеген жана ошол эле учурда бюджетти аткарбаган өкмөт башчы деп атады.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган отузунчу өкмөт ишке 2018-жылы 20-апрелде киришкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG