Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Майк Помпео Израилде Жакынкы Чыгыштагы маселелерди талкуулайт


Майк Помпео.
Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 13-майда Израилге барды. Анда мамкатчы премьер-министр Беньямин Нетаньяху баштаган жаңы өкмөт мүчөлөрү менен жолугушмакчы.

Буга чейин Помпеонун жардамчысы Дэвид Шенкер бул жолугушууларда Ирандын Жакынкы Чыгыштагы «туруксуздук жараткан аракеттери», Сириядагы согуш, Ливандагы «Хезболла» уюму менен байланышкан окуялар жана коронавируска байланыштуу жагдай талкууланарын билдирген.

Шенкер Кошмо Штаттар быйыл январь айында президент Дональд Трамп жарыялаган Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча планын ишке ашырууну улантарын айткан.

Бул планга ылайык Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги аймактар, анын ичинде Иерусалим шаары бөлүнбөй туруп Израилдин көзөмөлүнө өтүшү керек. Ошондой эле баш калаасы чыгыш Иерусалимде жайгашкан, көз каранды эмес Палестин мамлекетин түзүү тууралуу жазылган. Беньямин Нетаньяху бул планды колдогону менен Палестина ага караманчы каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG