Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:14

«Инстаграм» Рамзан Кадыровдун баракчасын кайра жапты


Магомед Даудов, Рамзан Кадыров жана Адам Делимханов.
Магомед Даудов, Рамзан Кадыров жана Адам Делимханов.

«Фейсбук» корпорациясына караштуу «Инстаграм» социалдык тармагы Чеченстандын лидери Рамзан Кадыровдун баракчасын кайрадан жапты. Ошондой эле чечен парламентинин төрагасы Могамед Даудовдун, вице-премьер Абузайда Висмурадовдун жана Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимхановдун да «Инстаграмдагы» баракчалары ачылбай калды.

«Инстаграм» буга чейин Рамзан Кадыров ачкан баракчаларды бир канча жолу жапкан. 2017-жылы анын «Фейсбуктагы» аккаунту да өчүрүлгөн. Анда аталган компания муну АКШ өкмөтүнүн Рамзан Кадыровго салган санкциясы менен түшүндүргөн. Кошмо Штаттар аны «Магнитский мыйзамынын» негизинде түзүлгөн санкциялык тизмеге кошкон.

Рамзан Кадыров «Инстаграмды» такай колдонот жана өзүнүн баракчасы аркылуу бир катар билдирүүлөрдү жасаган, ал тургай кимдир бирөөлөрдү коркутуп-демитип да келген. Ал баракчасынын жабылганына байланыштуу азарынча үн ката элек.

XS
SM
MD
LG