Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Орус-казак чек арасында өзбекстандык мигранттар топтоло баштады


Орус-казак чек арасындагы өзбекстандык мигранттар.
Орус-казак чек арасындагы өзбекстандык мигранттар.

Орусиянын Оренбург облусунда орус-казак чек арасында 11-майдан бери мекенине кайтууну каалаган жүздөгөн өзбекстандык мигранттар топтоло баштады. Алар казак тарап чек арасын 11-майда ачары тууралуу маалыматтан улам жыйналганын айтышууда. Бирок Нур-Султан коронавируска байланыштуу жагдай жөнгө салынмайынча сырткы чек арасын ачпай турганын билдирген.

Өзбекстандык жарандар казак бийлигинен аларды өткөрүп жиберишин суранып жатат. «Азаттыктын» өзбек кызматы орус-казак чек арасында мындан башка да өзбекстандыктар жыйнала баштаганын жазды.

Өткөн аптада кыргыз өкмөтү Орусиядан 541 эмгек мигрантын Казакстан аркылуу мекенине алып келген.

Казакстан чек арада топтолуп турган кыргыз мигранттарына бир жолку транзиттик жол ачып берүүгө макул болуп, бирок алар атайын уюштурулган автобустар менен гана ташыларын билдирген жана жеке автомашинасын ар бири ошол жактагы токтотмолорго калтырышы керек деген шарт койгон.

XS
SM
MD
LG