Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

ДССУ Тажикстандагы COVID-19 жагдайынан улам камтама болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) адистери Тажикстанда коронавируска байланыштуу абал тынчсыздануу жаратып жатканын билдиришти.

Май айынын башында Тажикстанга келген бул эксперттер өлкөдө COVID-19 илдетине чалдыккандар көбөйүп жатканын, токтоосуз түрдө «керектүү чара көрүү» зарыл экенин 12-майда Дүйшөмбүдөгү басма сөз жыйынында айтышты.

Расмий статистика боюнча Тажикстанда 12-майга карата коронавирус жуккандар 729 кишиге жетти. Кеминде 23 киши COVID-19 илдетинен көз жумду.

Бирок бир нече күн мурда Интернетте Тажикстанда коронавирустан көз жумду деген адамдардын кошумча, расмий эмес тизмеси пайда болду. Анда илдеттен каза болгон кишилердин саны 140тан ашканы көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG