Орусия тарап Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун бош турган каражатын өкмөттүн антикризистик экинчи планын ишке ашыруу максатында ишкерлерге насыя катары берүүгө каршы. Бул жөнүндө вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 13-майда депутат Бакыт Сыдыковдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
«Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Сыдыков Кыргыз-орус өнүктүрүү фондундагы 260 млн. долларды коронавирус пандемиясынын шартында кыйналып жаткан ишкерлерге насыя катары берүүнү сунуш кылды. Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул каражат боюнча Орусиянын өкмөтүнө март айынын аягында кат жиберилгенин маалымдады:
«Апрелдин аягында фонддун кеңеши өттү, ошондо да биз бул маселени көтөргөнбүз. 8-майда өкмөт аралык комиссиянын катышуусунда жыйын болду, анда да маселе кабыргасынан коюлган. Тилекке каршы, биздин орусиялык кызматташтар каршы болушту».
Бирок Эркин Асрандиев бул маселе фонддун күн тартибинен алынбаганын, учурда Орусия тарапка кошумча кайрылуу даярдалып жатканын кошумчалады.
Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясынан улам өзгөчө кырдаал шартында өлкөнүн экономикасын көтөрүү максатында антикризистик программасын сунуш кылган. Анын экинчи баскычында ишкерлерди колдоо максатында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан убактылуу бош турган 260 млн. доллар алынары кабарланган. (ZKo)