Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Орус ооруканаларында жаңы «Авента-М» аппараттары колдонулбайт


«Авента-М» аппараттарын «Ростех» мамлекеттик ишканасынын Уралдагы заводу жасайт.
«Авента-М» аппараттарын «Ростех» мамлекеттик ишканасынын Уралдагы заводу жасайт.

«Росздравнадзор» 2020-жылдын 1-апрелинен кийин жасалган «Авента-М» үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонууга тыюу салды. Баштапкы маалыматтарга караганда, бул аппараттар Москва менен Санкт-Петербург шаарларында коронавирус жугузуп алгандар дарыланып жаткан ооруканалардагы өрткө себеп болгон. Кырсыктан алты киши көз жумган.

Мунун алдында АКШда айрым штаттардын бийлик органдары Орусия берген «Авента-М» үлгүсүндөгү жасалма дем алдыруучу аппараттарды колдонуудан баш тартып, кайра кайтарып жатканы белгилүү болгон. Кошмо Штаттардын Чукул кырдаалдарды жөнгө салуу боюнча федералдык агенттиги бул жабдуулар алынып келгенден бери ооруканалардын кампасында эле турганын билдирген.

«Авента-М» аппараттарын «Ростех» мамлекеттик ишканасынын Уралдагы заводу жасайт. Март айынын аягында премьер-министр Михаил Мишустин орус ооруканаларын жасалма дем алдыра турган аппараттар менен жалгыз ушул концерн камсыздай турганын айткан. Завод күнүнө 100гө чейин аппарат жасай аларын билдирген.

XS
SM
MD
LG