Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:04

Шаардык сотто Ибраимов менен Кулматовдун ишин кароо уланды


Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов. Коллаж сүрөт.
Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов. Коллаж сүрөт.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 13-майда мурдагы мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун ишин кароо уланды. Соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, соттук коллегия айыпталуучуларды суракка ала баштады.

Бүгүнкү отурумда алты адам сурак берди. Адвокаттардын башка жараяндарга катышуусуна байланыштуу отурумду 20-майда улантылмак болду.

2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду 5 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып жүрүшөт.

Өкүмгө нааразы эки тарап тең шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. (RK)

XS
SM
MD
LG