Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Жогорку сот Азимжан Аскаровго карата өкүмдү күчүндө калтырды


Азимжан Аскаров. Архивдик сүрөт.
Азимжан Аскаров. Архивдик сүрөт.

Жогорку сот 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өкүмүн күчүндө калтырды.

Мындай чечимди Жогорку сот 13-майдагы отурумунда чыгарды.

Аскаровдун кассациялык арызы боюнча алгачкы отурум 25-февралда болгон.

69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, аны эркиндикке чыгарууга үндөп келет.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата Бишкектин район аралык сотуна жазган дагы бир доо арызын кароо 11-майга белгиленип, бирок каралбай калган. Азырынча арыз качан каралаары белгисиз. (BTo)

XS
SM
MD
LG