Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Өзгөчө кырдаал учурунда 536 үй-бүлөлүк зомбулук катталган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланган 22-марттан бери 536 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу 42% көп. Мындай маалыматты ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 13-майда парламент отурумунда депутат Аида Касымалиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Министрдин айтымында жалпы жыл башынан бери 2019 үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% арбын.

Депутат Аида Касымалиева карантин учурунда жашы жете элек он бала өмүрүн кыйганын эске салып, 1-июнга карата, Балдарды колдоо жылына карата кандай колдоо иш-чаралар өткөрүлүп жатканына кызыкты. Депутаттын суроосуна вице-премьер-министр Аида Исмаилова жооп берип, Балдарды колдоо жылына карата жүргүзүлүүчү иш-чаралардын планы бекитилгенин айтты. Исмаилованын айтымында планды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдарга тапшырма берилди.

Карантин учурунда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук күч алганын укук коргоочулар да тынчсыздануу менен белгилеп келе жатышат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG