Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Парламент комитети АКШнын сенаторлор тобуна Аскаровдун иши тууралуу кат жөнөттү


Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.
Азимжан Аскаров сот залында. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу АКШнын демократ сенаторлорунун тобуна кайрылуу катын жиберди. Бул тууралуу 13-майда парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Кайрылууда Аскаровдун иши боюнча сенаторлорду да, бир катар укук коргоочу уюмдарды да кызыктырып жаткан актуалдуу маалымат берилди. Аскаровдун саламаттыгы канааттандырарлык экени, медициналык жардам менен камсыз болгону, өлкөдө укук үстөмдүгүн бекемдөө иши жана сот реформасы жүрүп жатканы, сот органдарынын ишине кийлигишүүгө жол берилбей тургандыгы айтылды. Катта ошондой эле гуманизм жана кайрымдуулук баалуулуктарынын негизинде быйыл 8-майда абактагы аярлуу катмарларга, анын ичинде улгайгандарга жана жалгыз бой энелерге мунапыс жарыяланганы да белгиленди», деп айтылат маалыматта.

13-майда Жогорку сот Аскаровго карата чыккан өкүмдү күчүндө калтырды.

69 жаштагы укук коргоочу 2010-жылы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Бул өкүмгө макул болбогон Аскаров кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган.

Эл аралык уюмдар ишти кайра карап, аны эркиндикке чыгарууга үндөп келет.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана адилет сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген.

Аскаровдун кыргыз өкмөтүнө карата Бишкектин район аралык сотуна жазган дагы бир доо арызын кароо 11-майга белгиленип, бирок каралбай калган. Азырынча арыз качан каралаары белгисиз. (RK)

XS
SM
MD
LG