Президент Сооронбай Жээнбеков 13-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алып, органдын ишмердигин талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Башкы прокурор мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө иштери тууралуу президентке маалымат берди. Анда 2019-жылы прокуратура 36 миңден ашуун мыйзам бузуу фактысын аныктаганы жана мамлекеттин пайдасына 1 миллиард сомдон ашык акчаны кайтарганы белгилүү болду.
Президент Сооронбай Жээнбеков прокуратура органдары өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн жана анын бекемделишин камсыз кылышы керек экенин белгиледи. Мамлекеттик бийлик органдарында, укук коргоо органдарында коррупция менен күрөшүү боюнча чараларды күчөтүүгө көңүл бурду.
Бир жумадан бери социалдык тармактарда «Чоң казат» деген уюмдун айрым аткаминерлердин, саясатчылардын байлыгы жөнүндө айтып чыкканы көпчүлүктүн көңүлүн буруп, кызуу талкууланып жатат. Бул маселе өкмөттүн отчётун талкуулаган Жогорку Кеңештин 13-майдагы жалпы жыйынында да көтөрүлүп, айрым депутаттар тиешелүү органдарды бул көрүнүшкө маани берүүгө чакырышты. (TSh)