Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:08

Бекешев: ЖОЖдор студенттерден акча талап кылбай турушсун


Студенттик жатакана. Иллюстрациялык сүрөт.
Студенттик жатакана. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку окуу жайлары коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында студенттерден окуу акысын төлөөнү талап кылып жатышат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 14-майда парламентте билдирди. Депутат Жогорку Кеңеш бул боюнча атайын жобо кабыл алганына карабай, айрым окуу жайлары студенттерден окуу акысын тез арада төлөөнү талап кылууну улантып жатышканына нааразылыгын билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик Кыргызстанда мамлекеттик жогорку окуу жайларынын келишимдик негизде окуп жаткан студенттеринин контракт акысын кайра карап чыгууну сунуш кылган. Анда келишим акысын чыныгы чыгымдарга жараша кайра эсептөө зарылчылыгы тууралуу айтылган.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 3-апрелде ата-энеси ушул күндөрү акча жагынан кыйналып жаткан же ден соолугунан кыйынчылыкка кабылып, төлөй албаган студенттердин маселесин караш үчүн ар бир окуу жайында комиссия түзүлгөнүн билдирген.

Кыргызстанда мамлекеттик 32, мамлекеттик эмес 33 жогорку окуу жайы бар. (ZKo)

XS
SM
MD
LG