«Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев 14-майда парламент жыйынында ишкерлерден келип түшкөн катты окуп берди. Анда ишкерлер азыркы өзгөчө кырдаал шартында өкмөттүн кылган иши ишеним жаратпаганын белгилеп, өкмөттү «өзүнө жоопкерчилик ала албай жатат» деп айыпташкан.
«Өкмөттүн аракетинде конкреттүү кадамдар жок. Көбүнчө сөз жүзүндө калып жатат. Учурда сырткы донорлордон, ишкерлерден канча жардам алганыбызды эч ким түшүнгөн жок. Өкмөт азыр аппарат кызматкерлерин кыскартууга киришти. Бул ишке да ойлонуп, анан киришүү керек», деп жазылган катта.
Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында ишкерлерди колдош үчүн анткризистик программанын пландарын сунуш кылган.
Биринчи планга ылайык, ишкерлерди колдош үчүн 14 млрд. сом бөлүнгөнү, экинчи планда 41 млрд. сом каралып жатканы кабарланган. Өкмөттүн маалыматына караганда, бул каражаттар ишкерлерге төмөнкү үстөк пайыз менен насыя катары берилмекчи. (ZKo)