Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

Жогорку Кеңештин төрагасы менен айрым депутаттар кайым айтышты


Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин төрагасы.
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин төрагасы.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев, «Республика - Ата Журт», «Ата Мекен» фракцияларынын бир катар мүчөлөрү депутат Дастан Жумабековду төрага катары ишин калыс алып барууга чакырышты. Айрым депутаттар парламент депутаттарын «жакпаса кеткиле» деп тартипке чакырууга спикердин укугу жок экенин баса белгилешти. «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев спикерди мурунку кызматташтарынан үлгү алууга, улууну урматтоого чакырды:

«Сиз өкмөттүн адвокаты болбоңуз. Бул парламент сизге чейин дагы бир нече төрага менен кызматташкан. Сиз мурунку спикерлерден үлгү алышыңыз керек. Сапар Исаков ушул жерге өкмөт башчы болуп келгенде, менин сөзүмдү үзүп, ага бере салгансыз. Кечээ эми Абылгазиевди жактап атасыз», - деди Иманалиев.

Жумабековду өкмөткө адвокат болбоого депутат Жанарбек Акаев да чакырды. Ал төраганын буга чейинки айрым иштерин текшериш үчүн комиссия түзүүнү сунуш кылып, акыркы чекитти комиссия койсун деп билдирди.

Төрага Дастан Жумабеков сындаган депутаттарга жооп берип жатып, "спикер катары укуктарын жакшы билерин", "өз оюн айтууга укугу бар экендигин" баса белгиледи.

Парламенттин жалпы жыйынындагы кайым айтышка шайлоо босогосуна тиешелүү мыйзам долбооруна байланышкан талаш-тартыш учурундагы төраганын билдирүүсү себеп болду. Дастан Жумабеков депутаттарды этияттап сүйлөөгө чакырып, "Парламентте жакпайбы сиздерге, эч ким кармаган жок анда. Эмнеге кекетип сүйлөйсүздөр, эч ким кармаган жок сиздерди",- деген эле.

Жогорку Кеңеш 14-майдагы жалпы жыйынында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окулушунда добуш берүүгө жөнөттү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG