Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:04

Нарын: Бир суткада коронавирус аныкталган 15 адамдын сегизи - жаңы төрөгөн келиндер


Нарын.
Нарын.

Нарын шаарында соңку бир суткада коронавирус аныкталган 15 адамдын сегизи - жаңы төрөгөн келиндер. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, 15 бейтаптын баары облустук ооруканага жаткырылды, алардын бирөө медицина кызматкери, сегизи жаңы көз жарган келиндер жана алтоо алар менен контакт болгон жакындары.

Баарынын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп мүнөздөп жатышат.

Мындан тышкары, облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө ымыркайлары менен сегиз келин, кош бойлуу жети келин байкоо алдында жатат.

Ал эми коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны бул бөлүмдө 11 адам. Алар – акушерлер, медайымдар жана санитарлар.

14-майга карата республика боюнча оору 1082 адамдан табылса, алардын ичинен 152 бейтап Нарын облусунда. Көбү Ат-Башы районунда – 77 киши, Нарын шаарында 58 киши, Жумгал районунда 14 киши жана Кочкор районунда үчөө.

Алгачкы жолу Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен коронавирус табылганда Саламаттык сактоо министрлиги буга «коргонуу чаралары сакталбаганы, этибар албаган мамиле» себеп болгонун билдирген.

Мындан тышкары Нарын жергесинде 14 милиция кызматкеринин анализинен коронавирус чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG