«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов өкмөт мүчөлөрүн Кумтөр алтын кениндеги, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондундагы бош турган каражаттарды иштетүүгө чакырды:
«Мына ушундай кырдаалда пайдаланбасаңар, качан анан? Карызды көбөйтүп, сырттан дагы карыз сурап жүрөсүңөр. Эртең аны төлөө биздин мойнубузга эле түшөт. Кумтөрдүн жетекчилерин чакырып, сүйлөшүү керек».
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бул ишканалар менен сүйлөшүү болуп жатканын, ал жактан да акча алуу маселеси каралып жатканын билдирди.
Ушул тапта Жогорку Кеңеш коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында 2020-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүн өзгөртүү маселесин карап жатат.
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын маалыматына караганда кыргыз өкмөтү донорлордон 500 млн. долларга чукул карыз алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.
Кыргызстандын тышкы карызы 3,9 млрд. доллар. (ZKo)