Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Текебаев менен Чотоновдун сотунда аларды актаган дагы бир көрсөтмө берилди


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 14-майда саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды. Бүгүнкү отурумда кошумча күбө катары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Шералы Абдылдаев көрсөтмө берди.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдиргендей, Абдылдаев 2017-жылы тергөө учурунда «Альфа Телеком» компаниясынын мурдагы жетекчиси Азат Базаркулов берген көрсөтмө туура эмес экенин айтты:

«УКМКнын айыптоосунун негизин «Текебаев жана Чотонов Маммүлк фондунун жетекчисинин жардамы менен «Альфа Телекомдун» башчылыгына Модинди алып келебиз деген аракети болгон» деген ой түзгөн. Ошондо Базаркулов «Ооба, Абдылдаев, Чотонов, Байболов жана Текебаев менен жолугушуу болгон, алар менден кеп-кеңеш алган» деген көрсөтмө берген. Абдылдаев андай жолугушуу эч качан болбогонун айтты. Бул сотко Базаркулов өзү келген жок».

Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш райондук сотто кайра каралууда.

Кийинки отурум 28-майга белгиленди. (RK)

XS
SM
MD
LG