Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун ишмердигинин айрым өңүттөрүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин 14-майдагы жалпы жыйында депутат Жанарбек Акаев көтөрдү. Ал спикердин дарегине палатанын ичинде, коомчулукта айтылып келаткан кептерге, көтөрүлгөн маселелерге ошол комиссия чекит коюуга тийиш деп эсептеди.
«Комиссия түзүү боюнча да сунуш түшүп жатат. Төрага, сизге да бир канча суроолор бар. Катасы толтура кат жазып, парламентти уят кылган адамдарды аппарат башчы кылып койдуңуз. Ошого жооп бериңиз. Акыркы эки жыл аралыгында төраганын фондунан бөлүнгөн акча, ал акчага жасалган саат, грамоталар кимдерге берилип, сыйланды? Эмгеги сиңгенби, сиңген эмеспи - ошонун баарын текшерип, комиссия иштесин да жыйынтык чыгарып коёлу. Биз да жүзүбүз жарык кетели».
Ал эми «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев төрага Дастан Жумабековдон кызматка алган штаттагы жана штаттан тышкары иштеген кызматкерлер, аларды ишке алуунун шарттары, талаптары тууралуу жазуу түрүндө маалымат беришин талап кылды.
Мурдараак парламенттин ишмердүүлүгүн текшериш үчүн комиссия түзүү тууралуу «Республика - Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, депутат Кенжебек Бокоев да демилге көтөргөн. Ал акыркы чакырылыштагы парламентте «кош стандартуулук өкүм сүрүп жатат» деп сынга алган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков айтылган сын-пикирлерге, демилгелерге конкреттүү жооп берген жок. Төрага өзүнүн укуктарын жакшы билерин белгиледи:
«Менин сүйлөй турган укугум бар. Сөзүм бар. Аны эч ким тыйган эмес. Кайсы мыйзамга кандай сүйлөйм - аны мага сиз үйрөтө албайсыз».
Маселенин көтөрүлүшүнө төраганын депутаттарга карата «парламентте жакпайбы сиздерге, эч ким кармаган жок анда. Эмнеге кекетип сүйлөйсүздөр, эч ким кармаган жок, сиздерди» деген билдирүүсү түрткү болду.
44 жаштагы Дастанбек Жумабеков 2017-жылдан бери Жогорку Кеңештин төрагасы болуп келет. Ал 2010-жылы «Ата Журт» партиясынын, 2015-жылы «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен келип, депутаттык мандат алган. (ZKo).