Швейцария өкмөтү Кыргызстандын алгачкы медициналык жардам берүү мекемелерин телеконференция өткөрүүчү жана аралыктан окутуучу жабдыктар менен камсыз кылды.
Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда, компьютердик жабдыктар беш облустук жана 46 райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда орнотулду. Ушундай эле техникалык камсыздоого Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик медициналык кадрларды кайра даярдоо жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу институту менен катар анын алты облустук филиалы, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы, Электрондук саламаттык сактоо борбору жана Кыргыз медициналык ассоциациясы ээ болушту.
Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине сервердик жабдык жана видеобайланыш үчүн платформанын лицензиясы сатылып берилди.
Элчиликтин маалыматында «аймактар менен байланыш түзүү өз убагында көрүлгөн чара болуп калды жана ал медицина кызматкерлерин COVID-19 боюнча окутууда чоң роль ойноду» деп айтылат.
Швейцариянын «Кыргыстандагы медициналык билим берүүнүн реформасы» долбоору 2013-жылдан бери ишке ашырылып келет. Буга чейин Кыргызстандын ар бир облусунда аралыктан медициналык кеп-кеңеш жана маалымат берүүчү call-борбор иштей баштаган. (RK)