Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

ӨКМ: өлкө аймагында 92 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча кооптуу тилкелердеги 92 үй-бүлө көчүрүлдү. Алардын ичинен 23 үй-бүлө убактылуу тигилген чатырда, 69 үй-бүлө туугандарыныкына жайгашты.

Министрлик тарабынан Ош облусунун аймагында 106, Баткен облусуна 10 жана Жалал-Абад облусуна 22 чатыр, жалпы 138 даана чатыр бөлүнүп, коопсуз аймактарга орнотулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул күндөрү тынымсыз жааган жаан-чачындан улам айрым аймактарда сел, көчкү сыяктуу кырсыктар болушу мүмкүн экенин эскертүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG