Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

Сот: Венгрия качкындарды абак өңдүү шартта кармап, мыйзам бузду


Венгрия менен Сербиянын чек арасындагы «Roszke» өткөрмөсү. 28-январь, 2020-жыл.
Венгрия менен Сербиянын чек арасындагы «Roszke» өткөрмөсү. 28-январь, 2020-жыл.

Европа Биримдигинин соту Венгрия оогандык жана ирандык качкын-мигранттарды чек арасындагы транзиттик зонада абак өңдүү жайларда кармап, шаркеттин мыйзамдарын көз жаздымда калтырган деген чечим чыгарды.

Люксембургда жайгашкан сот 14-майда Сербиядан Венгрияга барган төрт кишинин арызын карады. Ирандык жана оогандык ал кишилер «Roszke» транзит тилкесине барганда баш паанек сурап кайрылышкан. Дагы эле ошол жакта кармалууда. Бирок биримдиктин мыйзамдарына ылайык, арыздары карала электе андай жайга жайгаштырылбашы керек. Будапешт ал качкындардын арыздарын четке каккан жана «Сербия - коопсуз транзит өлкө, ошол жакка кайрылышы керек эле» деп билдирген. Белград болсо ал кишилерди кайра кабыл алууга каршы болуп, Венгрияга мыйзамдуу жол менен киришкенин айтууда.

«Roszke» транзит тилкеси бийик дубал, тикенек зым менен тосулган, ал жакта отургандардын эркин жүрүшү катуу чектелген. Судьялар андай шарттарды абакка теңешти.

XS
SM
MD
LG