Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

Орусиядан 147, Германиядан 59 кыргызстандык келди


Иллюстрациялык сүрөт.

14-майда «Манас» эл аралык аэропорту «Авиа Траффик» авиакомпаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын тосуп алды. Аны менен 147 кыргыз жараны өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Мындан сырткары Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан Бишкекке Кыргызстандын 59 жараны кайтып келди. «Condor Airlines» германиялык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен «Sea Chefs» круиздик лайнеринде иштеген 48 киши, ошондой эле буга чейин авиабилет сатып алган 11 кыргызстандык мекенине кайтты.

Азыркы учурда бардык келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө жайгаштырылды. Кыргыз бийлиги сырттагы мекендештерди кайтарып алып келүү боюнча иштеп жатканын билдирүүдө. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG