Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:15

Дүйнөдө COVID-19 илдетинен 300 миңден ашун киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө коронавирус жуккан 300 миңден ашуун бейтап каза болду. 1 млн. 500 миңден ашык киши бул илдетти жеңип чыкты. Ал эми жалпы коронавирус жуккандардын саны 4,5 миллионго чамалады.

Илдет көп аныкталгандардын сап башында АКШ турат. Бул мамлекетте 1 млн. 400 миң кишиден коронавирус аныкталып, 85 миң бейтап көз жумду. Расмий маалымат боюнча 250 миңден ашык кишиден COVID-19 вирусу табылып, Орусия экинчи орунда турат. Орусияда 2500 киши каза болду. Үчүнчү орунда Британия. Бул мамлекетте 230 адам ушул вирусту жугузуп алганы аныкталып, 33 миң бейтап жарык дүйнө менен кош айтышты.

Коронавирустун жаңы түрү 2019-жылдын аягында алгач Кытайдан табылып, кийин дүйнө жүзүнө тараган. АКШ Кытайды «илдет жөнүндө убагында маалымат берген эмес» деп айыптоодо. Бээжин ал дооматты четке каккан. (TSh)

XS
SM
MD
LG