Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Өзбекстанга Каримованын 10 млн. доллар активи кайтарылды


Гүлнара Каримова.

Франция Гүлнара Каримованын 10 миллион доллар активин Өзбекстандын Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурасына кайтарып берди. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги кабарлады.

«Бул каражат Өзбекстандын республикалык бюджетине которулду жана жалпы тартип менен пайдаланылат», деп айтылат билдирүүдө.

Министрликтин басма сөз кызматы Швейцариянын, АКШнын, Франциянын жана Орусиянын тиешелүү органдары менен бирге башка каражаттарды кайтаруу иштери уланып жатканын кошумчалады. Кеп Каримованын дагы 1,3 миллиард доллар каражаты жөнүндө болуп жатат.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги бул активдерди Каримова же анын үй-бүлө мүчөлөрү пайдалана албай турганын, себеби каражат камакта экенин белгиледи.

Каримова опузалап мүлктү менчиктеп алуу, ыксыз сарптоо, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо боюнча коюлган айыптар менен түрмөдө отурат. Ал жалпысынан 13 жыл 4 айга кесилген.

Чет элдик телекоммуникация компаниялары менен ири келишимдерге байланыштуу Каримовага карата 2013-жылы Европа өлкөлөрү иликтөөсүн баштаган. Каримова атасынын көзү тирүүсүндө эле камакка алынганы расмий эмес түрдө кабарланган.

Ташкенттеги абакта отурган Гүлнара Каримова президент Шавкат Мирзиёевге кат жазып, казынага 686 миллион долларды кайтарып берүүнү сунуш кылганы февраль айында белгилүү болгон. Бул үчүн ал өзүнө каршы козголгон акыркы кылмыш ишин жабууну өтүнгөн.

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG