Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Өзбекстандагы жер титирөө Кыргызстанда төрт балл болуп сезилди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын аймагында 15-майга караган түнү очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө Кыргызстандын аймагында да катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Баймак, Ызар, Достук, Ак-Коргон айылдарында төрт балл, Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында үч, Чаткал районунун Сумсар айылында төрт, Терек-Сай, Кызыл-Токой айылдарында үч, Аксы районунун Кербен шаарында жана Мундуз, Сары-Кашка, Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында үч баллга чейин сезилген.

Баштапкы маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок жана эч нерсе кыйраган жок. (RK)

XS
SM
MD
LG