Кыргызстанда 15-майга карата бир суткада коронавирус диагнозу коюлган 29 адамдын көбү Нарын облусунда. Коронавируска каршы республикалык штабдын маалыматына караганда Нарын облусунда бул вирус 11 адамдан табылды.
Калгандары - Бишкек шаарында алтоо, Чүй облусунда жана Ош шаарында төрттөн, Жалал-Абад облусунда экөө жана Ош, Ысык-Көл облустарында бирден адам.
14-майда Нарын облустук ооруканасында эски оорулары күчөп, оор абалда дарыланып жатып кайтыш болгон 84 жаштагы бейтаптын анализинен да COVID-19 табылган.
Буга чейин облустук оорукананын төрөт бөлүмүндө жаңы көз жарган сегиз келинден, кызматкерлеринен коронавирус табылганы айтылган.
Алгачкы жолу Нарын облустук төрөт үйүндө иштеген алты кызматкердин анализинен коронавирус табылганда Саламаттык сактоо министрлиги буга «коргонуу чаралары сакталбаганы, этибар албаган мамиле» себеп болгонун билдирген.
Мындан тышкары Нарын жергесинде 14 милиция кызматкеринин анализинен коронавирус чыккан.
Жалпысынан 15-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1111 адамдан табылды, алардын ичинен 14 бейтап кайтыш болду, 745 бейтап айыгып чыкты. (RK)