Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Асрандиев: Легалдаштырган мүлккө кепилдик керек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мүлктү легалдаштыруу боюнча Экономика министрлиги жаңы концепция иштеп чыкты. Бул маалыматты вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, 15-майда «Ата Мекен» фракциясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, буга чейин да бул багытта иш башталып, бирок аягына чыкпай калган.

«Мүлктү легалдаштыруу мыйзамдарын карап чыгуу зарылчылыгы бар, - деп түшүндүрдү ал. - Учурда Экономика министрлиги жаңы концепциясын иштеп чыкты. Анда биз үч жобону сунуш кылдык: Биринчиден, легалдашкан мүлк тууралуу маалымат конфиденциалдуу болушу керек. Анткени мүлк ээлери аны легалдаштыруудан чочулабашы, коркпошу керек. Экинчиден, легалдашкан мүлктүн кол тийбестиги болушу керек. Артынан куугунтук, текшерүү болбоого тийиш. Үчүнчүдөн, легалдаштырылган капиталдын үстөгү көп болбоого тийиш, эгер кайсы бир бөлүгү кайра экономикага салынса, анда үстөгүн алып салуу зарыл».

Вице-премьер министрдин маалыматына караганда, мүлктү легалдаштыруу боюнча үч жолу аракет жасалып, бирок натыйжасы болгон эмес.

Өткөн жумада Кыргызстанда айрым жарандык активисттер мурунку аткаминерлердин байлыгын текшерип, кайдан алынганын аныктоону жана мыйзамсыз байыганы үчүн жоопко тартууну сунуш кылып чыгышкан. Айрымдар тескерисинче алардын мүлкүн легалдаштырып, андан салык алууну сунуш кылышууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанда көмүскө экономиканын деңгээли болжол менен 130 миллиард сомду же ички дүң өнүмгө карата 23,6% түзөрүн билдирген. Андан мурдараак, 13-январда салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча жыйында айрым эксперттер көмүскө экономиканын үлүшү 24-43% чейин жетерин айтып жатканын маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG