Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Түркиядан дагы 330 кыргыз жараны Бишкекке жеткирилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекке Түркиядан «Turkish Airlines» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен дагы 330 кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Стамбулдан келе тургандардын көбү Түркияда дарылануудан кайткандар, балалуулар жана улгайган адамдар экени мурдараак кабарланган.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы жүздөгөн кыргызстандыктар 24-мартта, 17-апрелде жана 24-апрелде атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайтышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги чет жактан кайткандардын баарын медициналык байкоого алыш үчүн обсервацияга жаткырууда.

15-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында коронавирустун айынан чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай жаткан кыргыз жарандары тууралуу маселе кызуу талкууланган.

12-майда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков дүйнөнүн 58 өлкөсүндө 9 миңдей кыргызстандык мекенине кайтууга жардам сурап жатканын, май айынын аягына чейин алардын 1 миңге жакынын, арасында Стамбулдан 349 кыргыз жаранын алып келүү пландалып жатканын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG