Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

«Медиа Полиси Институту»: Интернетти көзөмөлдөө жөнүндө сунуш Конституцияга каршы келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Медиа Полиси Институту» уюму «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору Кыргызстандын Конституциясына каршы келет деп эсептейт. Мындай билдирүү 15-майда жарыяланганын "Азаттыкка" уюмдун өкүлү Алтынай Исаева маалымдады.

Билдирүүдө адамдын укуктарын жана эркиндигин чектеген укук-ченемдик актыларды кабыл алууга Башмыйзам жол бербей турганы, социалдык түйүндүн колдонуучусу тараткан маалымат чындыкка дал келбей тургандыгы эмненин негизинде аныкталары түшүнүксүз экени, автор «социалдык, экономикалык жана укуктук кесепеттерге алып келбейт» деп адаштырып жатканы айтылат.

Ошондой эле мыйзам жазуу техникасы бузулганы, эгер мыйзам ишкерлерге карата колдонулса аларга кошумча жүк болору, провайдер чектөө ишин кандайча жүргүзөрү так жазылбаганы, сөз эркиндиги абсолюттук эмес экени, бирок жарандын укуктарына жана эркиндигине кийлигишүүнүн чеги Конституция менен аныкталганы белгиленди.

«Медиа Полиси Институту» ар бир кыргызстандык ой-пикирин эркин билдирүүгө укуктуу экенин, анын пикири кимдир-бирөөгө жакпаган күндө да өз ойлору болушу ыктымал экенин эскертип, «ар бир адам өлкөдөгү окуялар тууралуу ой-пикирин айтуу укугуна ээ» деп кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова иштеп чыккан «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору 14-майда коомдук талкууга коюлду.

Анда Интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттерине чейин жазылган. Ошондой эле долбоордо мыйзам бузулган учурда сайттарды ыйгарым укуктуу органдар сотко чейин эле чектей алары белгиленген.

Түшүндүрмөсүндө «Интернетти колдонууга байланышкан терс учурлар да жок эмес. Алар кызыкчылыктардын кеңири чөйрөсүн, анын ичинде купуя маалыматтан тартып саясатка чейинки, коомдук тартип менен мамлекеттин улуттук коопсуздугуна чейинки чөйрөнү камтыйт» деп жазылган. (RK)

XS
SM
MD
LG