Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:37

Будапешт Европа сотунун мигранттарга байланышкан чечимин четке какты


Венгрия менен Сербиянын чек арасындагы «Roszke» өткөрмөсү. 2016-жыл.
Венгрия менен Сербиянын чек арасындагы «Roszke» өткөрмөсү. 2016-жыл.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын оңчул өкмөтү Европа сотунун 14-майдагы чечимин четке какты. Европа Биримдигинин соту Будапешт оогандык жана ирандык качкын-мигранттарды чек арасындагы транзиттик зонада абак өңдүү жайларда кармап, шаркеттин мыйзамдарын көз жаздымда калтырган деген бүтүмгө келген.

Венгриянын юстиция министри Юдит Варга ал чечимге реакциясын билдирип, өлкөнүн «мыйзамдары жана иш-аракеттери Еврошаркеттеги жана эл аралык мыйзамдарга төп келерин» айтты.

Сотко арыз берген ирандык жана оогандык төрт качкын баш паанек сурап кайрылышканы менен дагы эле Сербия менен чек арадагы «Roszke» транзит тилкесинде кармалууда. Бирок биримдиктин мыйзамдарына ылайык, башкалка арыздары карала электер андай жайга жайгаштырылбашы керек.

Министр Варга соттун чечими Венгрия «мигранттарды көзөмөлсүз өткөрүү жана кабыл алуу кысымына туш болуп жатканын дагы бир жолу далидеди» деп айтты.

«Roszke» транзит тилкеси бийик дубал, тикенек зым менен тосулган, ал жакта отургандардын эркин жүрүүсү катуу чектелген. Судьялар андай шарттарды абакка теңешти.

Венгриянын Хелсинки комитети Европа сотунун чечимин ошондой «тикекнек зым артындагы темир контейнерлерде камалып турган кишилер үчүн жеңиш» деп сыпаттады.

XS
SM
MD
LG