15-май - Кыргызстанда кызмат учурунда каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү. Бул күн 2015-жылдан бери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон милиционерлерди эскерүү күнү катары белгиленип келатат.
Буга байланыштуу бүгүн Бишкек, Ош шаарларында жана башка аймактарда ички иштер кызматкерлери кызмат учурунда набыт болгон кесиптештерин эскеришти. Алардын коомдук тартипти, элдин коопсуздугун, өлкөнүн тынчтыгын жана бүтүндүгүн сактоодо өз өмүрлөрүн аябай, баатырларча курман болгону баса белгиленди.
Каза болгон милиционерлердин жакындарына, ата-энелерине ыраазычылык сөздөрү айтылды.
Эскерүү жөрөлгөсүндө маркумдарга багышталып куран окулду. Кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлерине тургузулган айкелдерге гүлчамбарлар коюлду.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдинов өзүнүн мекен үчүн жанын берген кесиптештери, алардын эрдиги жана өрнөктүү өмүрү туурасында жаш кызматкерлерге айтып берди. Алардын элеси эч качан кесиптештеринин эсинен чыкпасын жана өрнөктүү өмүрлөрү жаштар үчүн үлгү болуп, кыргыз милициясынын тарыхында ысымдары түбөлүккө кала берерин белгиледи.
1991-2020-жылдар аралыгында Ош облусундагы жана Ош шаарындагы ички иштер башкармалыгынын 50дөн ашуун кызматкерлери иш учурунда курман болгон. Алардын басымдуу бөлүгү 2010-жылы июнь коогалаңында көз жумган. (ZKo/DU)