Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Көп балалуу энелерге сыйлык ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыкка ылайык, жети жана андан көп баланы тарбиялап өстүргөн 1014 эне «Баатыр эне» ордени, алты бала баккан 519 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Кыргызстанда калктын жылдык орточо саны быйыл жыл башына карата былтыркыга караганда 2,1% өсүп, 6 млн. 456 миң адамды түздү. (RK)

XS
SM
MD
LG