Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:23

Жээнбеков эл арызданган судьяларга карата талапты күчөтүүгө чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.

Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына 223 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу 15-майда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда комиссиянын төрайымы Нургүл Бакирова билдирди.

Анын айтымында, 18 судьяга сөгүш жарыяланып, 155 судьяга алдын-ала эскертүү берилген. 42 судьяга эскертүү берилип, кынтыксыз болуу талабын бузганы үчүн сегиз судья ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Жээнбеков элден арыз түшкөн судьяларга карата талапты күчөтүш керек экенин баса белгиледи. Ал Тартип комиссиясынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылууга, санарип форматка өткөрүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Судьяларды жоопко тартуу маселелерин караган Тартип комиссиясы 2017-жылы түзүлгөн. Ал көз каранды эмес коллегиалдуу орган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (24)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG