Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 01:01

Өзбекстанда ички аба жана темир жол каттамдары жанданат


Ыкчам жүрүүчү поезд. Ташкент, 2018-жыл.

Өзбекстанда кээ бир ички аба жана темир жол каттамдары 18-майда кайра жанданат. Коронавируска каршы республикалык комиссия ушундай чечим кабыл алды. Ага ылайык, Ташкенттен Нукус жана Термез шаарларына рейстер жүргүзүлө баштайт. Андан тышкары баш калаадан Навои, Бухара, Карши шаарларына, Фергана өрөөнүнө жүргүнчү поезддер каттайт деп пландалууда.

Бирок карантиндик нормаларды сактоо талап кылынат. Анын ичинде жүргүнчүлөрдүн саны демейден аз болууга, учактар, вагондор дезинфекцияланып турууга тийиш.

Республикалык комиссия бекиткен эрежелерди бузгандар административдик жазага тартылары эскертилди.

XS
SM
MD
LG