Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Жаңы катталган алты адамдын үчөө чет жактан жүк ташып келген айдоочулар


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-майга карата коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталган алты адамдын үчөө чет өлкөдөн жүк ташуучу автоунаа айдап келгендер.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-майда, брифингде билдирди. Анын айтымында, айдоочулар чек арадан өтүп жатканда ПЦР-тесттерин тапшырат. Андан кийин жүктү жеткирүүчү жерге чейин штабдын кызматкерлеринин коштоосунда баргандан кийин обсервацияга алынат:

"Чет жактан жүк ташып келген бир айдоочу казак жараны болуп чыкты. Ал Кыргызстанга тактай тилчү станок жеткирип эле, кайра Казакстанга чыгып кеткен. Бирок аны чек арадан текшерүү учурунда андан вирус аныкталган. Бул маалыматты биз Казакстандын Кордой облусундагы кесиптештерибизге бергенбиз. Алар бул айдоочуну тийиштүү дарылоого ала турган болушту".

Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, жаңы аныкталгандардын калган үчөө коронавирус менен ооруган адамдар менен байланышта болуп, жуктуруп алганы аныкталды.

16-майга карата Кыргызстанда алты адамга коронавирус жугуп калганы жаңы аныкталды. Жалпысынан бул ооруга чалдыккандардын саны өлкөдө 1117 адамга жетти. 14 адам илдеттен көз жумду. 783 адам оорудан сакайып чыкты. Алардын 200ү медицина кызматкерлери.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган алгачкы үч адам 18-мартта аныкталган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG