Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Ооганстанда "Тынчтык" келишими боюнча жаңы сүйлөшүүлөр болот


Төрөтканага кол салуу маалында каза тапкан кош бойлуу аялдын тажыясы. 13-май, 2020-жыл.
Төрөтканага кол салуу маалында каза тапкан кош бойлуу аялдын тажыясы. 13-май, 2020-жыл.

АКШнын Ооганстандагы элчиси Хамид Залмай бул маалыматты 15-майда билдирип, сүйлөшүүлөр америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кете электе болгону жакшы деп айтты.

Залмайдын айтуусунда, учурда сүйлөшүүнүн датасы аныкталып жатат.

Ооган өкмөтүнүн курамы боюнча пикир келишпестиктер жана туткундарды бошотуу маселеси - талибдер менен "Тынчтык" келишимин сүйлөшүүнүн созулушуна себеп болду.

Акыркы жумада талибдер зомбулукту азайтуу убадасына карабай, чабуулду күчөттү.

12-майда Кабулдагы төрөтканага куралдуу чабуул жасалып, 24 адам өлгөн, арасында эки ымыркай бар.

Андан мурдараак Кабул шаарында жолго коюлган төрт бомба жарылып, төрт киши жарадар болгон. Алардын бири 12 жаштагы кыз экени кабарланган.

АКШ Ооганстандагы кандуу чабуулдарга «Ислам мамлекети» экстремисттик уюмун айыптаган.

XS
SM
MD
LG