Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:33

Аба ырайы: Күн күркүрөп жаан жаайт


17-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

Бийик тоолуу райондордо жамгыр карга айланат.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 16…21;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9 градус жылуу болот.

17-майда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 10...12, күндүз 20...22 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG