Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Германияда миңдеген адамдар чектөөлөргө каршы митингге чыкты


Штутргарттагы митингдин катышуучулары беткап кийүүдөн жана аралыкты сактоодон баш тартышты. Германия, Штутгарт шаары. 16-май, 2020-жыл.
Штутргарттагы митингдин катышуучулары беткап кийүүдөн жана аралыкты сактоодон баш тартышты. Германия, Штутгарт шаары. 16-май, 2020-жыл.

Германияда акыркы эки апта соңунда коронавируска каршы чектөөлөрдү алуу талабы менен митингдер өттү. 16-майда Берлинде түмөндөгөн кишилер коронавирустун жайылуусунун алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөргө каршы демонстрацияларга чыгышты. Тартипке 1000ге чукул полиция кызматкери көз салып турду. 200гө чукул адам кармалганы кабарланды. Мюнхен шаарында бийлик 1000 кишиге аралыкты сактоо менен митингге чыгууга уруксат берген.

Штутгартта чектөөгө каршы чогулгандар беткап кийүүдөн жана аралыкты сактоодон баш тарткан. Бул шаарда 5 миңден ашуун киши митингге чыкты. Коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында киргизилген чектөөлөргө каршы митингдер Франкфурт жана Гамбург шаарларында да миңге жакын кишинин катышуусунда өттү.

Германия пандемия башталгандан бери киргизилген чектөөлөрүн жеңилдете баштаган өлкөлөрдүн бири. 16-майда Германияда Бундеслига оюндары жанданып, 18 улуттук клуб мелдеше турган чемпионаттын алгачкы оюну өттү. Дортмунд шаарындагы ээнсиреген стадиондо жергиликтүү "Боруссия" командасы менен "Шальке-04" ортосунда 4:0 эсебинде аяктады. Ишембиде дагы беш мелдеш уюшулду. Катаал саламаттык чаралары, коопсуздук эрежелери алдында өткөн Дортмунддагы мелдешти стадиондо 200дөй гана киши көрө алды.

XS
SM
MD
LG