Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 01:21

Жалал-Абад облусунда жер титиреди


Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү 17-майда саат 12:57де Жалал-Абад облусунун аймагында катталды. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жетти. Силкинүү Токтогул районунун Кетмен-Төбө, Үч-Терек айылдарында 3 балл, Токтогул шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Байкоочулар быйылкы март, апрель, май айларында өлкөнүн түштүк аймактарында силкинүүлөр көбөйгөнүн айтышууда. Жыл башынан бери Кыргызстанда жыйырмага жакын жер титирөө катталса, анын басымдуу бөлүгү түштүк облустарда болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG