Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Жээнбеков менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү


Касым-Жомарт Токаев жана Сооронбай Жээнбеков. Иллюстрациялык сүрөт.
Касым-Жомарт Токаев жана Сооронбай Жээнбеков. Иллюстрациялык сүрөт.

17-майда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктап, каалоо-тилектерин айтты.

Мындан тышкары мамлекет башчылары кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы чогуу көрүлүүчү чараларды талкуулашты.

Сүйлөшүү учурунда эки өлкөнүн жарандарын өз мекендерине биргелешип кайтаруу маселеси козголду. Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Казакстандын аймагы аркылуу транзит менен алып келүүдө казак тараптан көрсөтүлүп жаткан көмөккө ыраазычылык билдирди.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG