Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 00:31

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


18-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо карга айланат.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда нөшөрлөп төгөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21 градус жылуу болот.

18-майда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 9...11, күндүз 24...26 градус ысыйт.

XS
SM
MD
LG