Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Тажикстанда СOVID-19 жугузгандар 1500дөн ашты, 39 бейтап көз жумду


COVID-19 вирусун аныктаган лаборатория.
COVID-19 вирусун аныктаган лаборатория.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 17-майга карата 1524 кишиден коронавирус аныкталды. Жугуштуу оорудан каза тапкандардын саны 39 адамга жетти.

Тажик жарандарынын көпчүлүгү бийликтин расмий статистикасына ишенбейт. Социалдык тармактарда катталгандар коронавирустан көз жумган жакындарынын, тааныштарынын, досторунун аты-жөнүн жарыялап жатышат.

Коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги 490дон ашуун бейтап ооруканадан чыгарылганын билдирди. Алар толук айыгып чыкканы же андан ары үйүндө дарыланууга кеткени белгисиз.

Расмий маалыматка караганда, ооруканаларда 4196 киши дарыланууда.

12-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттер миссиясынын жетекчиси Патрик О’Коннор Дүйшөмбүдөгү онлайн басма сөз жыйынында Тажикстандагы эпидемиялогиялык кырдаал оорлошуп, вирус тез жайылып жатканын, жакынкы күндөрдөгү чаралар адам өмүрүн сактап калууда чечүүчү роль ойной турганын эскерткен.

Кошуна өлкөдө коронавирустун алгачкы учуру тууралуу 30-апрелде расмий маалымдалган. Бирок өткөн айдын башынан эле борбор калаа Дүйшөмбүдө, бир катар райондордо өпкөсү сезгенип, көз жумгандар көбөйгөн.

Тажик бийлиги эпидемиянын коркунучун көпкө этибарга албай, пандемия жарыялангандан кийин Ноорузга арналган массалык иш-чаралар уюштурулуп, футбол боюнча чемпионат уланган.

Кийин вирустун тарашына каршы айрым чараларды көргөнү менен өкмөт карантин киргизген эмес.

XS
SM
MD
LG