Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-ноябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 13:53

Иранда франциялык илимпоз аял алты жылга кесилди


Фариба Аделха, 2012-жыл.

Ирандын соту теги ирандык француз илимпозду «мамлекеттик коопсуздукка доо кетирген» деген кине менен алты жылга эркинен ажыратты. Фариба Аделханын адвокаты 16-майда билдиргендей, илимпоз «Ирандын улуттук коопсуздугуна каршы кутум аракеттерин көргөнү үчүн» беш жылга жана «системага каршы үгүт жүргүзгөнү» үчүн бир жылга кесилди.

Адвокат Саид Дегхан соттун өкүмүнө каршы арыздана турганын айтты. Франция Аделхага чыккан сот өкүмүн айыптап, илимпозду тезинен бошотууга Иран бийлигин үндөдү. Аделха француз кесиптеши жана өнөктөшү Ролан Маршал менен 2019-жылдын июнунда камалган.

Маршал март айында Франция менен Иран түрмөдө отургандарды алмашканда мекенине кайтып келген.

61 жаштагы Фариб Аделха - Париждеги саясат институтунун антрополог-иликтөөчүсү.

Январда Иран соту Аделхага коюлган мамлекеттик коопсуздукка байланыштуу коюлган айыпты алып салганы менен ал Тегерандагы Эвин түрмөсүнөн чыгарылган эмес.

XS
SM
MD
LG