Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Бишкекте милиция асманга ок атты


Сүрөт Бишкек милициясынын «Фейсбуктагы» расмий баракчасынан алынды. 18-май, 2020-жыл.
Сүрөт Бишкек милициясынын «Фейсбуктагы» расмий баракчасынан алынды. 18-май, 2020-жыл.

Бишкекте милиция эреже бузгандарды токтотуу максатында асманга ок атканын шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 17-майдын кечинде Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы ачылган паркта болгон.

Бир топ адам топтолуп, коронавирустун жайылышына алып келчү кооптуу абал түзгөнү, милициянын санитардык-гигиеналык эрежени сактоо жана парктан кетүү тууралуу талабына баш ийбестен агрессивдүү мамиле кылгандар болгону, чыр башталып, алар күч кызматкеринин табелдик куралын тартып алууга аракет кылганы кабарланды.

Ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамга ылайык милициянын сержанты асманга ок атып, ошондон кийин гана алар токтогону белгиленди.

Факт Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгынын Кылмыштар жана жоруктар реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Экинчи тарап азырынча окуя тууралуу маалымат же комментарий бере элек.

Түлөбердиев атындагы парк 9-майда ачылган.

Коронавируска байланыштуу Бишкек азыр өзгөчө кырдаал тартиби менен жашап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG