Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

Ооганстандагы жардыруу жети кишинин өмүрүн алды


Газни провинциясындагы жардыруу болгон аймак. 18-май, 2020-жыл.
Газни провинциясындагы жардыруу болгон аймак. 18-май, 2020-жыл.

Ооганстандын чыгышында чалгын базасын бутага алган жардыруудан кеминде жети кишинин өмүрү кыйылып, 40тай киши жарадар болду. Газни провинциясынын губернаторунун басма сөз өкүлү Ариф Нури билдиргендей, 18-майда жанкечти базанын кире беришинде өзү менен кошо жардыруучу заттар шыкалган, уурдалган «Humvee» аскердик атоунаасын жардырып жиберген.

Газни провинциясынын дагы бир расмий өкүлү Вахидулла Жумазада чабуул Улуттук коопсуздук башкармалыгынын Газни шаарындагы бөлүмүн бутага алганын айтты.

«Жабырлануучулардын көбү чалгын кызматкерлери», - деди ал.

«Талибан» кыймылы бул чабуул үчүн жоопкерчиликти өз мойнуна алып, жардыруу атайын даярдыктагы «ондогон» аскерлерди же өлтүргөнүн, же жарадар кылганын билдирди.

Бул жардыруу ооган президенти Ашраф Гани менен анын саясий атаандашы Абдулла Абдулла саясий бийликти бөлүштүрүү тууралуу макулдашууга кол койгондон бир күн өткөндөн кийин уюштурулду. Абдулла 2019-жылдын сентябрь айындагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай келген. Эки тараптын макулдашуусуна ылайык, Абдулла Улуттук элдешүүнүн жогорку кеңешин жетектейт. Анын командасынын мүчөлөрү өкмөттүн курамына кирет.

XS
SM
MD
LG