Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Обсервацияда чуу чыгаргандар менен министрдин орун басары сүйлөшүүдө


Обсервацияда жаткандар менен жолугушуу. 18-май, 2020-жыл.
Обсервацияда жаткандар менен жолугушуу. 18-май, 2020-жыл.

«Манас» аэропортунун жанындагы обсервацияда жаткандар менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жолугушуу өткөрүүдө.

Буга чейин маалымдалгандай, ал жерде Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайтып келгендер обсервацияда жатат.

Социалдык түйүндөргө жарыялаган видеолордон алар 17-майда жаалданган топ болуп, күч кызматкерлерине баш ийбей жатканын көрүүгө болот.

Ал эми атын атагысы келбеген адам 18-майда «Азаттык» менен байланышка чыгып, нааразылыктын себебин «оорубагандарды чыгарбай жатканы» менен түшүндүргөн.

18-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус табылган 78 адамдын 43ү Орусиянын Соль-Илецк шаарынан 7-майда автобус менен жеткирилгендер экени расмий айтылды.

10-майда вирус жуктурган 71 адамдын 55и да Соль-Илецкиден келген мигранттар болчу.

Бир аз мурдараак саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев чет жактан кайтып жаткан кыргызстандыктарды дароо үйүнө коё бербей, обсервацияда кармоо эрежеси өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатканын айткан. Орусиядан кайтып келген эмгек мигранттарынын ПЦР анализин кайталап текшергиче кармап туруу алардын туугандарынын арасында илдеттин жайылып кетишине жол бербегенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG