Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Абылгазиев: Обсервациядан анализи тазалар гана чыгарылат


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Обсервацияда жаткандардын анализи кайталап текшергенден кийин таза чыкса гана үйүнө коё берилет. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 18-майда убактылуу обсервациядагыларга кайрылуусунда айтылды.

Премьер-министр чет жактан, биринчи кезекте Орусиядан кайтып келгендерге кайрылып, алар үчүн обсервация жайлары ичи-сырты оңдолуп даярдалганын, ичинде бардык шарттар түзүлгөнүн, аларга кам көрүп, ошол жерде күнү-түнү иштеп, өз ден соолугун тобокелге салып, үй-бүлөсүн көрүүгө зар болуп медицина кызматкерлери, милиционерлер жана куткаруучулар иштеп жатканын эскертти.

Абылгазиев «миллиондогон мекендешибиз карантин шартында, кирешесинен куру калып, чыгымга учурап жатат. Адамдар бул кыйынчылыктан өтүш керек экенин түшүнүп турушат» деп кошумчалап, оорунун жайылуу коркунучу дагы эле кооптондуруп жатканын белгиледи.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 18-марттан бери сырттан келгендердин арасынан 351 адамдан COVID-19 табылды. Алардын 101и Орусиянын Соль-Илецк шаарынан кайткандар.

18-майга карата Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 78 адамдын табылса, алардын 43ү Соль-Илецк шаарынан келгендер экени расмий айтылды.

10-майда 71 адамдын 55и да Соль-Илецкиден келген мигранттар болчу.

17-майда алар обсервациядан чыгарууну талап кылып, чуу чыгарган видеосу Интернетке тараган.

Саламаттык сактоо министрлиги мигранттарды «Манас» аэропортундагы обсервацияга жаткырган. 18-майда министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев алар автобус менен жол жүрүп келгендиктен коронавирус жугуу коркунучу жогору болгонун, андыктан обсервацияда кармалып, анализдер жакшылап текшерилип жатканын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG