Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Иран Венесуэлага бараткан танкерлери боюнча АКШга эскертүү берди


Ирандын мунай танкери. Архив.
Ирандын мунай танкери. Архив.

Иран Венесуэлага мунай жеткирип бараткан беш танкери боюнча Кошмо Штаттарга эскертүү берди. Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 17-майда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттеришке жазган катында АКШны «деңиз каракчылыгына» барбоого чакырды.

14-майда «Reuters» маалымат агенттиги Кошмо Штаттар Ирандын мунай танкерлерине чара көрүүнүн жолдорун караштырып жатканын кабарлаган. Зариф БУУга жазган катында АКШ Кариб деңизине аскерлерин жөнөткөнү жатканын белгиледи.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арахчи Швейцариянын Тегерандагы элчисин чакыртып, Кошмо Штаттардын аракеттерине «дароо катуу жооп кайтарыларын» эскертти. Иранда АКШнын кызыкчылыктарын Швейцариянын элчилиги коргоп келет.

Кошмо Штаттар Иран менен Венесуэланын мунай тармагына санкция салган. Бирок санкция эки өлкөнүн өз ара соодасын токтото албайт. Буга чейин Тегеран Венесуэланын социалист президенти Николас Мадуронун өкмөтүнө мунайды кайра иштетүүгө керектүү химиялык заттарды учак менен жөнөткөнү белгилүү болгон.

Өткөн айда АКШнын Мамлекеттик департаментинин Венесуэладагы чабарманы Эллиот Абрамс Венесуэла Иранга алтын жөнөтүп жатканын, өз кезегинде Тегеран бул өлкөнүн энергетика тармагына жардам көрсөтүп жатканын билдирген.

45,5 миллион долларга барабар мунайды Венесуэлага ташып бараткан беш танкердин төртөө Атлантика океанына чыкканы, бирөө алигиче Жер ортолук деңизинде экени кабарланууда.

XS
SM
MD
LG