Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Өзбекстанда бир киши өзүнө жана 80 жаштагы атасына өрт койду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Карши шаарынын тургуну үй-бүлөлүк чырдан улам өзүнө жана 80 жаштагы атасына өрт коюп, андан экөө тең каза болду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү «Азаттыктын» өзбек кызматы өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 17-майда түштөн кийин болгон. 1974-жылкы тургун биринчи топтогу майып атасы менен урушуп кеткен.

«Уруштун натыйжасында ал желим шишедеги бензинди өзүнө жана атасына чачып жиберген. Аны токтотуш үчүн артынан кирген келининин жана бир тууганынын эки кичинекей баласынын көзүнчө ширеңкени күйгүзүп, өзүн жана атасын өрттөп жиберген. Натыйжада экөө тең алган жарааттарынан улам каза болду», - деп айтылат Башкы прокуратуранын расмий маалыматында.

Учурда үйдөгү келин жана анын эки уулу, ошондой эле жардамга келген дагы бир үй-бүлө мүчөсү түрдүү деңгээлдеги күйүк менен ооруканада жатат. Шаардык прокуратура ошол эле күнү «Атайылап киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Дүйшөмбү күнү жарыяланган маалыматта үй-бүлөлүк чырга эмне себеп болгону айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG